2026-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 18,1 миң адамга же 0,2 пайызга көбөйүп, 2026-жылдын 1-мартына карата 7 миллион 422 миң адамды түздү. Мындай маалыматтар Улуттук статистика комитетинин отчетунда көрсөтүлгөн.
Ага ылайык, 1-февралга карата Бишкек шаарынын калкынын саны 1 миллион 362,9 миң адамды, ал эми Ош шаарыныкы 486,6 миң адамды түздү.
«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-февраль айларында жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында:
- 21,4 миң ымыркай катталган (калктын ар 1 миңине 17,9 төрөлүү);
- 5,4 миң өлүм катталган (калктын ар 1 миңине 4,5 өлүм).
- Калктын табигый өсүшү 16 миң адамды (калктын ар 1 миңине 13,4) түздү.
Калктын табигый өсүшүнүн эң жогорку деңгээли Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында байкалса, эң төмөнкү көрсөткүч Бишкек шаарында катталды.

