14:01
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Аэропорттогу уурулук парламентте көтөрүлдү

Бүгүн, парламенттин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев «Манас» аэропортунда Үрүмчүгө кетип жаткан кытайлык бизнесмендердин жүктөрү жоголуп жаткандыгын айтып чыкты.

Депутат Кыргызстандын имиджи үчүн уялып жаткандыгын кошумчалады. Ага бизнесмендер жүктөрү текшерүүдөн өткөндөн кийин чемодандарындагы буюмдар, фото жана видео камералар жоголуп жаткандыгын билдирген.

«Кытайда уурулук жок. Ал жакта жаза катуу, керек болсо өмүр бою эркинен ажыратылат. Бул маселени мен президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы кезинде көтөрүп чыккам. Ошондон кийин ыгы жок текшерүүлөр токтоп калган. Эми кайра башталыптыр», — деди Жанар Акаев.

Депутаттын мындай сынын отурумга катышкан «Манас» аэропортунун өкүлдөрү четке какты. Алардын айтымында, аэропортто видео камералар орнотулган жана мындай көрүнүштөр кездешпейт. Көпчүлү учурда жүргүнчүлөр жүктөрүн кылдаттык менен алып өтпөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар