16:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте адам сөлөкөтүндөгү роботту кыргызча сүйлөтүүгө даярдашууда

Социалдык түйүндөрдө адам сөлөкөтүндөгү роботтун видеосу пайда болду. Ал башын, колдорун кыймылдатып, атүгүл ары- бери карайт. Роботту 22 жаштагы Санжар Жумабеков атуу жаш жигит жасаган.

Санжар Жумабеков Бишкекте Политехникалык университетти аяктаган соң, окуусун Москванын энергетикалык институтунда уланткан. Андан соң Кыргызстанга кайтып келип, робот техникалары курсун негиздеген.

«Бул тууралуу канча көп маалымат тараса бизге ошончолук жакшы. Робот жасоо ишине киришкенибизге бир жылдай болуп калды. Аталган долбоорду интернеттен жүктөп алганбыз. Ал эркин жеткиликтүү жана абдан эле популярдуу долбоор. Бул роботту үлгү катары алдык. Аны жасоо менен балдар 3D-принтер жана программалар менен иштөөнү үйрөнүштү. Учурда тажрыйба топтоп калдык. Кетирген каталарды эске алуу менен эми темирден, сапаттуу роботторду жасай баштайбыз. Бул робот пластиктен жасалган», — деди Санжар.

Учурда алар роботту кыргызча сүйлөөгө үйрөтүү аракетинин үстүндө. Ал үчүн атайын программа даярдап жатышат. Ошондой эле роботторду пульттун, интернеттин жардамы менен башкаргыдай кылып жасашат. Же радио көзөмөлүндө болот. Санжар Жумабеков инвестиция тартуу үчүн Жапония менен кызматташуу аракетин көрүүдө. Учурда алардан жооп күтүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар