16:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Иранда хиджабга каршы чыккан ондогон аял түрмөгө кесилүү коркунучунда

Эл аралык Amnesty International (AI) укук коргоо уюму Иранда милдеттүү түрдө жоолук салынып жүрүүгө каршы чыккан ондогон аял түрмөгө кесилүү коркунучунда экенин билдирди. Буга чейин Иран бийлиги эл алдында жоолугун чечип салган аялдарды кармаган.

Иран полициясынын 23-февралда тараткан билдирүүсүндө мыйзамга каршы чыккан аялдар «коррупция шыкакчылыгына жана сойкулукка» айыпталышарын эскерткен. Мындай учурда алар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан уюм Иранда аялдарга карата репрессиялык чаралар күчөп, укуктары бузулуп жатканын билдирүүдө. Amnesty International маалыматы боюнча декабрда эле Тегеранда каршылык акциясына чыккан 35 аял кармалган. «Бул көптөгөн бейкүнөө аялдардын түрмөгө камалуу коркунучуна алып келет. Башкаларга укуктар бузулуп жатса дагы унчукпаш керек деген белги берет», — деди уюмдун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы департаментинин директорунун орун басары Магдалена Муграби.

Өткөн аптада Тегеранда милдеттүү түрдө баш кийим кийүүнү талап кылган мыйзамга нааразылык билдирген дагы эки аял камакка алынган. Алар каршылык иретинде Тегеранда көрүнө жерге чыгып алып, эл алдында хижабдарын чечип, аларды колуна кармап турушкан.

1979-жылкы Ислам революциясынан кийин Иранда аялдар милдеттүү түрдө хижаб кийип калышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума