Бишкек шаарында Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин реконструкциялоого даярдыктар башталды. Бул тууралуу Ленин районунун муниципалдык администрациясынан билдиришти.
Күн мурун музейде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана профилдик кызматтардын катышуусунда көчмө жыйын өттү. Жыйында имаратты калыбына келтирүү жана ага чектеш аймакты көрктөндүрүү боюнча иштер талкууланды.
Долбоордун алкагында төмөнкү иштер пландаштырылууда:
- Музейдин имаратын оңдоп-түзөө;
- Жашылдандырууну күчөтүү;
- Заманбап сугат системасын орнотуу;
- Тышкы жарыктандырууну жаңылоо.
Ошондой эле инфратүзүмдү жакшыртуу жана келген көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралууда. Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилип, иштерди аткаруу мөөнөттөрү белгиленди.

