15:24
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.15

Ажылыкка кыргызстандыктардын алгачкы тобу 11-майда жолго чыгат

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майда Меккеге жолго чыгат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыйык сапарга чыккан ар бир зыяратчы үчүн Сауд Аравияга кирүүдө тартипти сактоо абдан маанилүү. Бул эрежелерди кармануу сапарды жеңилдетип, убакытты үнөмдөйт.

«Зыяратчылар үчүн эң маанилүү нерселердин бири — Nusuk картасы (бейжик). Бул картасыз Меккеге жана ыйык жерлерге кирүүгө мүмкүн эмес. Ошондой эле ал негизги кызматтарга жетүүнү камсыз кылат», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аталган карта ажылыкты уюштуруу штабы (ажы башчысы) тарабынан берилет. Ал эми санарип версиясы Nusuk жана Tawakkalna тиркемелеринде жеткиликтүү.

Эң көп окулган жаңылыктар