Бүгүн Бишкек шаарынын Абдырахманов көчөсүндөгү көпүрөнүн астында үч жүргүнчү ташыган кичи автобус сүзүшүп кетти. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агенттигине ИИМдин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө агенттигинен ырасташты.
Алардын айтымында, жол кырсыгына № 100, № 145 жана № 130 маршурткалардын ортодогу аралыкты сактабагандыгы себеп болгон.
Жыйынтыгында төрт киши шаардык травмотология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна, үчөө балдар ооруканасына жеткирилди. Абалдары өтө оор эместиги айтылууда.