23:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Казакстанда кармалган депутат аты-жөнүн жана туулган жылын өзгөрткөн

Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу аты-жөнүн жана туулган жылын өзгөрткөн. Бул тууралуу жарандык активист Эдил Байсалов билдирет.

Анын айтымында, Дамирбек Асылбек уулу 1981-жылы эмес, 1979-жылы төрөлгөн жана өз аты Динарбек Супатаев.

«Ал 2007-жылы Казакстанда мелдешке катышмак. Ал мелдешке 16 жашка толгондор гана чыкмак. Андыктан, ал жашын өзгөрткөн. Ал чемпионатка Динарбек коло медалды жеңип алган» — дейт Эдил Байсалов.

Эдил Байсаловдун билдирүүсүндө, Дамирбек Асылбек уулу (Динарбек Супатаев) 2001-2004-жылдары Казакстанда таймаштарга катышып жүргөн.

Депутаттын Кыргызстан менен бирге Казакстандын дагы жараны экендиги тууралуу маалыматты укук коргоо органдары дагы ырасташты.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы депутат катталуу үчүн кыргыз паспортун алып келгенин, анын экинчи жарандыгы текшерилбегенин маалымдашты.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Алма-Атада эки айга камалды. Аны Казакстанда жүргүзүлгөн аткезчилик боюнча атайын операциянын алкагында кармашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар