10:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ош шаарынын 2018-жылкы бюджети 950 миллион сом өлчөмүндө болот

Ош шаарынын 2018-жылкы бюджетинин киреше бөлүгү 940 миллион 186 миң сом өлчөмүндө болот. Бул тууралуу мэриянын пресс-кызматы кабарлайт.

Алардын айтымында, бюджеттин киреше бөлүгү 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2017-жылга бекитилген бюджетке салыштырмалуу 112,6% өстү.

Анын 804 миллион сомун мэрия салыктан, 55 миллион 900 миң сомун салыктык эмес кирешелерден, 80 миллион сомун бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынан алмакчы.

Шаар бийлиги үстүбүздөгү жылы 940 миллион 186 миң сом чыгымдамакчы. Анын 46 пайызы социалдык тармакка, 27,3 пайызы турак жай жана коммуналдык чарбага, 8,6 % экономикалык маселелерге, 16,5 % жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга, 0, 8 % коргонуу тармагына жумшалат.

Эң көп окулган жаңылыктар