04:47
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек мектептеринде күзөт күчөтүлдү

Бишек шаарынын мектептеринде күзөт күчөтүлдү. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ордо кааланын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова билдирди.

Бул чара № 73 мектептеги кырдаалга байланыштуу. 

№ 73 мектептин алдында белгисиз киши башбалгыч класстын окуучусуна тийишкен. Милиция чакырылып, 1990-жылы туулган жаран кармалды. Ага кылмыш иши козголуп, эки айга тергөө абагына камалды. Окуя 10-февралда болгон. Бирок, анда мектеп директору окуу жайдын ичинен бачабаз кармалганын четке каккан. Кийинчерек 4-класста окуган кыздын ата-энеси жана мугалими маалыматты ырасташты. Алардын айтымында, мас абалында киши кароолдун алдынан өтүп, дааратканадан чыгып барат жаткан кызды кармап, кайра артка түртүп, зордуктоого аракет жасаган. Дааратканага кыздын классташ кызы кирип келгендиктен, бачабаз максатына жетпей калды. 

«Окуя боюнча комиссия түзүлдү. Ата-энелерден дагы түшүндүрмө алынды. Директордун жоопкерчилиги дагы каралат. Ал эми коопсуздук кызматы менен келишим үзүлөт» — деди Сауле Мейрманова.

Шаардагы мектептерде атайын уруксат кагазы менен гана кирүүгө уруксат берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар