18:09
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы жол кайра ишке кирет

Өзбекстан Тажикстанга бара турган темир жолду калыбына келтире баштады. Бул тууралуу тажик ММКлары кабарлашты.

Тажикстандын Хотлон облусуна бара турган темир жол он беш жыл мурда бузулган.

Маалыматка караганда, темир жолду калыбына келтирүү иштери жакынкы күндөрү аяктап, поезддер марттын биринчи жарымынан тарта жүрө баштайт.

Ал күндөргө Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга мамлекеттик сапары белгиленген.

Ошондой эле Ташкент-Душанбе жүргүнчү темир жол каттамдарын ачуу пландалууда.

Буга чейин эки өлкө өкүлдөрү Орусияга Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанды айланып өтчү темир жол байланышын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканы кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума