06:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өмүрбек Текебаев: Түрмөдө мага сылык-сыпаа мамиле кылышат

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «24.kg» агенттигине өзүнүн абактагы жашоосу тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, камакка алынгандан бери анын кадыр-баркын тепсөө аракети болгон жок.

«Мен түрмөдө олтурам. Бул өзү арыз-даттанууга болбостугун билдирет. Негизинен 2000-жылы абакта жаткан Феликс Куловду көргөнү барганда ал «коркпо, ишенбе, ашыкча сүйлөбө, суранба» деген эрежелер боюнча айткан эле. Мен азыр ошол кеңешти карманып жашайм. Негизинен менин суранычым боюнча өзүмчө жалгыз камерадамын. Негизи менин оппоненттерим кармалгандан бери колума кишен салып, же башка жол жооруктары менен мени баркымды тепсешкен жок» — дейт саясатчы.

Ал эми Алмаз Абековдун кайрылуусун атайын чагымчылддык катары баалайт.

«Абеков атайын буга чейин УКМКнын абагына которулуп, мага каршы арыздарды жазып, КТРКга маек куруп келген. Мен аны бирөөнүн колундагы курал катары баалап келем» — деди ал.

Эскерте кетсек, Алмаз Абеков Өмүрбек Текебаевдин атына кат жолдоп, аны эркек болуп, элден обочолонбой жашоого чакырган.

Эң көп окулган жаңылыктар