13:58
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Абакта олтурган Алмазбек Абеков Өмүрбек Текебаевди эркек болууга чакырды

Megacom компаниясына байланыштуу кылмыш иши боюнча 25 жылга соттолгон Алмазбек Абеков № 47 абакта жаткан Өмүрбек Текебаевге кат жазды. Катты жактоочу Икрамилин Айткулов Facebook баракчасына жарыялады.

Анда Абеков «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин түрмөдө элден бөлүнүп жалгыз олтурганына таң калат.

«Текебаев түрмөдө эл сыяктуу жүрүүдөн качып, өзүнчө бир камерага жашынып алды. Ал эмнеси? Аны менен бир айыпталган Дүйшөн Чотонов эл арасында жүрөт. Садыр Жапаров, башка саясатчылар эл арасында. Элден качкан жалгыз Текебаев» — дейт ал.

Абековдун айтымында, түрмөдө «адам жүзүн кароого чыдабагандар» элден бөлүнүп жашайт. Алар өз эрки менен сыртка чыкпай, камерасынын ичинен кулпулап жашашат экен.

«Түрмөдө жаза өтүп жаткандардын баары бир чөйрөдө жүрүшөт, бир эшиктен кирип-чыгып, бирге тамактанышат, убакыт болгондо тегерек отуруп баарлашат, ар-ким өз оюн ачык, эркин айтат. Бири-бирин жемелешпейт, кол көтөрбөйт. Баардыгы сөз менен жана калыс чечилет. Себеби, бул жакта, абакта, баары бирдей абалда, тең. Баардыгы жаза өтүүдө. Бирөөнү жакшы, бирөөнү жаман, же өйдө-ылдый, деп бөлбөйт. Адамга адамдай мамиле. Айткан сөзүнө, кылган ишине жараша. Түрмөнүн эрежелери сырттагы коом эрежелериндей эле: жаман айтпа; бирөөнүн оокатына тийбе; ыплас иштерден алыс бол; өзүңдү башкалардан жогору койбо; бирок, намысыңды да түшүрбө; оюң болсо, пикириңди эркин айт; башка бирөө сүйлөгөндө кунт коюп ук. Болду. Ушул эрежелерди сакта да, эл ичинде жүрө бер. Эч ким сага жаман айтпайт.

Жамынгандар башка. Алар өзүнчө тар бөлмөдө, күзөтчүлөрдүн кайтаруусунда жашынат. Темир эшиктин сыртынан күзөтчү кулпу салат, ичинен өздөрү дагы бир кулпу салып алышат. Элден да коркот, кайтарган күзөтчүлөрдөн да коркот. Сыртка чыгышпайт, күн көрүшпөйт, аба жутушпайт. Сыртка чык десе да, өздөрү чыгышпайт, себеби бети адам жүзүн кароого чыдабайт. Бүт мөөнөтү ошол караңгы үңкүрдө өтөт. Жалпы жаза өтүп жаткандар аларды адам катары көрбөйт, жакындабайт, сүйлөшпөйт.
Кимдер эл арасында жашай албайт? Тагдыр ар-кандай болот. Айтып, сындап болбойт. Бул жак түрмө, кылмыштуу чөйрө. Бирок, ошентсе да адамбыз. Азбы, көппү — тарбиясы бар, ата салтын көргөн; бою пас болсо да жүрөгү тоодой, намысына тийсең уктаба — ойгонбой калышың мүмкүн. Жаңы бирөө келгенде, сурайт, өткөндү кеп салат. Кимсиң? Эмне иш болду? Ошондо баа берилет. Кимдердин даражасы адамга тең эмес? Наристелерди, жаш кыздарды зордуктагандар, айбан же башка эркек менен жыныстык катнашка баргандар, дагы башка адамдык сапатка сыйбаган иштерди кылгандар» — дейт ал.

Абековдун пикиринде, Өмүрбек Текебаевдин өз ыктыяры менен элден бөлүнүп, жамынганын себеби «кылган иштери уялышы мүмкүн».

«Эл ичине кирсе эч ким аны урмак эмес, бирок, суроо бермек. Эмне иш кылдың? Конституцияны жаздым. Ии, жакшы... Кандай ой менен конституция жаздың? Элге жакшы болсун, деп. А, азамат турбайсыңбы, бали! Анан, элге жакшы болдубу?

Революцияны эмне баштадыңар? Бакиев кетсин, электр энергиясы кымбаттабасын, элдин байлыгы тонолбосун, деп. Ой, накта кыргыз баатыры турбайсызбы! Ушундай мыктыларды абакка камаган бийлик акмак! Анан, Бакиевди го кетирдиңер, электр энергиясы кымбаттаган жокпу? Элдин жашоосу жакшырдыбы? Эл байлыгы кимге өттү? » -деген суроолор берилиши мүмкүн дейт Абеков.

Алмазбек Абеков беш жыл УКМКнын абагында кармалып, ал арада бир да жолу жакындары менен жолугушууга уруксат берилбегенин жазат.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев № 47 абакта элден обочолонуп жалгыз сыртка дагы чыкпай олтурганын саясатчы Феликс Кулов билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар