07:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Калпы чыккан Калиев. Улуттук энергохилдингдин жетекчисинин маянасы эки эсеге көп

Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев кечээ Жогорку Кеңеште айлык акысы тууралуу туура эмес маалымат берди.

Эскерте кетсек, кечээ парламентте Айбек Калиев депутат Аида Касымалиеванын суроона жооп берип жатып, айына 39 миң сом аларын айткан.

Бирок, Мамлекеттик кадр кызматынын сайтындагы Калиевдин 2017-жылы тапшырган декларациясында жылдык кирешеси 1 миллион 40 миң 81,4 сом деп турат. Аны 12 айга бөлгөндө 86 миң 673 сомдон туура келет. Демек аткаминер айына 86 миң сомдой маяна алат. Айтмакчы, ал декларацияда жумушун негизги киреше булагы катары көрсөткөн. Анүстүнө аткаминерге бизнес жасоого тыюу салынат.

2017-жылы Айбек Калиев 4, 5 миллион сомго мүлк сатыптыр. Туугандары кыймылсыз мүлкүн сатуудан 690 миң сом тааптыр.

Аткаминердин 600 миң сомдун Toyota Prado уунасы, 4 миллион 140 миң сомдук батири бар.

Эң көп окулган жаңылыктар