02:25
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жалал-Абад мэриясы: Жакырчылык эки пайызга азайды

Жалал-Абад шаарындагы жакырлардын саны эки пайызга азайды. Бул тууралуу каала мэриясы маалымдайт.

Алардын айтымында, өткөн жылы Жалал-Абад шаары боюнча өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 980 болуп, жалпы калктын 4 пайызын түзгөн. Ал эми жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 2017-жылы 2200гө жетип, бул өлкө боюнча 9 пайызды түздү.

«Өткөн 2016-жыл ичинде 3788 үй-бүлө жакыр катары катталып, жакырчылыктын деңгээли шаар боюнча 15 пайызды түзгөн болсо, 2017-жылы 3180 үй-бүлө жакыр катары каттоодо турду жана жакырчылыктын деңгээли 13 пайыз болду. Ошентип, 2016-жылга салыштырмалуу жакырчылык 2 пайызга азайган» — дейт мэрия.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума