15:13
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Жылуулук электр борборунун» жаңы блогу ысык сууга кошулбагандыгы айтылууда

«Бишкек жылуулук электр борборунун» жаңы блогу ишке жарамсыз. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине белгилүү болду.

Келишим боюнча ЖЭБти модернизациялаган кытайлык ТВЕА компаниясы сууну химиялык тазалыктан өткөрүүчү цех курушу керек болчу. Бирок, ал талап ишке ашкан эмес.

Борбордун эски бөлүгүндө 16 казан турган. Энергетиктер аны кышында колдонмокчу болушкан. Учурда алардын жетөө гана иштеп жатат.

Көрсө, жаңыланган бөлүгүндөгү казандар жалпы тутумга кошулган эмес. Алар бир гана электр жарыгын иштеп чыга алышат. Жада калса, ысык сууга дагы кошулбагандыгы, демек шаарга жылуулук берүүгө кудуретсиздиги айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар