15:03
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Президент тез арада Бишкек шаарын жылуулук менен камсыз кылууну талап кылды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн премьер-министр Сапар Исаковду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысыныны аппараты маалымдайт.

Жолугушууда мамлекет башчысы «Жылуулук электр борборунун» ишин тез арада жандантып, үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылууну талап кылды. Сооронбай Жээнбеков жылуулук берүүдө бала бакча, ооруканага жана башка социалдык объекттерге өзгөчө көңүл бөлүүнү тапшырды.

Маалыматта, Сооронбай Жээнбеков шаардыктардын чыдамдуулугуна ыраазы болгону айтылат. Андан тышкары, жылуулук борборундагы кырсыктын себептерин тактап, күнөөлөрдү жазага тартууну буйруду.

«Муниципалдык кызматтар бирге, сааттын жебесиндей тактык менен иштеши керек. Мындай аномалдуу суукка татыктуу каршылык көрсөтүшүбүз керек» — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар