21:14
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Жылуулук электр борборундагы» кырсыктын себептерин бир нече мекеме текшерүүдө

Бишкек «Жылуулук электр борборунундагы» кырсыктын себептерин Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы, Башкы прокуратура дагы текшерүүдө. Бул тууралуу аталган мекемелерден «24.kg» агенттигине билдиришти.

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү агенттигинин билдирүүсүндо, ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Ал эми Башкы прокуратура тийиштүү органдардын иликтөөсүнөн кийин баа бермекчи.

Буга чейин УКМК станция текшерип жатканы маалымдалган.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү «Жылуулук электр борборунундагы» кырсык болуп, шаарга жылуулук берүү кескин азайды. Бишкектиктер батирлердин ичи жылыбай жатканын айтышууда.

Өкмөт үйүндө тоңгондорду мейманканаларга жайгаштырып, шаарда бир нече жылынуучу жайларды уюштурду.

Акыркы маалыматтар боюнча, станция дагы эле толугу менен ишке кире элек. Анын себептери тууралуу станциянын жетекчилиги бүгүн маалымат жыйында айтып бермекчи.

Эң көп окулган жаңылыктар