17:31
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Суроо-жооп. Исламда мажбурлоого жана зомбулукка жол жок

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Аялым мага кулак салбай жатат. Намаз окуудан жана хижаб кийүүдөн баш тартууда. Эмне чара көрүү керек?

Жооп: Динде мажбурлоого жол берилбейт. Бул боюнча Курандын аяттарында дагы жазылган. Баары сиздин аялыңызга кылган мамилеңизге келип такалат. Негизинен мусулман өзүнүн жүрүм-туруму, жашоосу, аң-сезими жана башка кадамдары менен үлгү болуп гана башка кишилерди динге тарта алат. Андыктан өзүңүз үлгү болуңуз. Ошондо, аялыңыз гана эмес, айланадагы башка кишилер дагы сизге

ынанып баштайт.

Аялыңызга жумшак мамиле кылсаңыз, ал дагы сизге карата кадам таштайт. Бирок, аял менен эркектин ортосундагы мамиле — бул өтө жеке жана аяр. Ошон үчүн кеңеш берүү кыйын. Бирок, эч кимди динге мажбурлоого болбостугун унутпаңыз.

Эң көп окулган жаңылыктар