03:22
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров белгилүү аялдар менен жолугушуп, 8-март майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында өлкөнүн бардык аймактарынан келген, ар кайсы кесиптердин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
 
Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын соӊку тарыхындагы оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрүп, жеӊип чыккандыгын белгиледи.
 
Садыр Жапаров азыр кайсы тармакта болбосун айымдардан чыккан лидерлер өзгөчөлөнүп, медицина, билим берүү, бизнес, укук коргоо тармактарын жандантып, өнүгүүгө өз салымдарын кошуп келе жаткандыгына токтолду.
 
Ал маданият менен искусстводо, кол өнөрчүлүктө, спортто жана башка тармактарда эл аралык деңгээлдеги албан ийгиликтерди жаратып жаткан айымдардын калыӊ катары өсүп чыккандыгын кошумчалады.
 
 
«Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун оң жагына ооп, бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин мээнетиңер көп, эмгегиңерге баа жетпейт. Кыргыз коомунда аялзаты эзелтеден эле урматталып, анын коомдогу жана саясий турмуштагы ээлеген орду абдан жогору бааланган. «Манас» эпосунда, башка дастандарда элибиздин аялзатына болгон сый-урмат мамилеси таасын чагылдырылган. Акылман, кайраттуу, эмгекчил жана ажарлуу аялзатынын образдары катары Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзанын ысымдары элибиздин аң-сезимине бекем орноп, жүрөгүнөн түнөк тапкан», — деп белгиледи Президент.
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар