16:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 444,68 миллион долларга жетти

2017-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 87,18 миллион долларга өстү. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялайт.

Алардын маалыматында, 30-ноябрга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 444,68 миллион долларды, же 309 миллиард 971,36 миллион сомду түздү.

Анын 4 миллиард 15,22 миллион доллары (280 миллиард 21,04 миллион сому) тышкы карыз, калган 429,46 миллион доллары (29 миллиард, 950,32 миллион сому) ички карыз.

Кыргызстан эң көп акчаны Кытайдын Экспорттук банкына кайтарышы керек (1 миллиард 669,81 миллион доллар).

Эң көп окулган жаңылыктар