00:55
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Москвада сөөгү табылган кыргызстандыктардын бири кылмыштуу топтун мүчөсү болгон

Москва шаарында өлтүрүлгөн эки кыргызстандыктын бири Сакал каймана аттуу кримтөбөл Улан Токтосуновдун тобунун мүчөсү болгон. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын маалыматында, Искендер Жолборсов Москва облусунда кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Ал 1980-жылы Ош облусунда төрөлгөн. Москвада үй-бүлөсү менен бирге жашап келген.

Бул сүрөттө ал Улан Токтосуновдун жанында олтурат.

Ал эми экинчи жарандын аты Мурат. Ал жакында эле Москвага келип, евроремонт жасап иштеп жаткандыгы айтылат. Москвадагы кыргызстандыктар учурда маркумдун артында калган 7 жашар баласынын Германиядагы операциясына акча топтоодо.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума