09:20
+1
USD 69.34
EUR 85.18
RUB 1.23
Кыргызча

Президент 2018-жылдын бюджетине кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын республикалык бюджети кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган.

2018-жылга республикалык бюджеттин кирешеси  142, 6 миллиард сом, чыгашасы 162,8 миллиард сом суммасында бекитилди. Бюджетинин тартыштыгы -20,3 миллиард сом.

Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар