Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын республикалык бюджети кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган.
2018-жылга республикалык бюджеттин кирешеси 142, 6 миллиард сом, чыгашасы 162,8 миллиард сом суммасында бекитилди. Бюджетинин тартыштыгы -20,3 миллиард сом.
Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.