20:30
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Нарында беш жашар бала үйүнөн 50 метр алыстыкта тоңуп набыт болду

Нарында беш жашар бала үйүнөн 50 метр алыстыкта тоңуп набыт болду. Анын үйдөн чыгып, кайра келбегенин ата-энеси байкаган эмес. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ички иштер министрлигинен айтып беришти.

Алардын айтымында, Нарын шаарынын тургуну 2012-жылы туулган баласы жоголгондугун айтып милицияга кайрылган. Ошол эле күнү милиция баланы үйдөн алыс эмес жерден табышкан. Бала жети метрлик жардан кулап түшкөн.

Экспертиза дайындалды. Алдын ала билдирүүлөр боюнча, денесинен сынык табылган жок. Бала аңдан чыга албай, тоңуп өлгөнү айтылууда.

ИИМдин маалыматында, баланын ата-энеси көп ичимдик ичишет. Эки баласы бар. Бала жоголгон күнү дагы мас болуп, уулунун үйгө кайра келбегенин да байкаган эмес.

Кылмыш иши али козголо элек.

Эң көп окулган жаңылыктар