USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Кыргыз режиссерлору тарткан тасмалардын мазмуну көзөмөлдөнөт

13:39, 14 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзам долбоору карап, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөттү.

Анда аталган мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюу үчүн өзгөртүү киргизилүүдө. Мыйзамда аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө жол берилбестиги жазылган. Ушул берене эми «аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө» деген сөздөрүнөн кийин «ушул мыйзамдын 6-беренесинде каралгандан башка учурларда» деген сөздөр менен толуктоо сунушталууда.

Эскерте кетсек, мыйзамдын 6-беренесинде режиссерлорго чектөөлөр коюлган. Ага ылайык учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырган; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка үгүттөгөн; улуттук, этностук, рассалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга багытталган; улуттук же тектик артыкчылык, сабырсыздык жөнүндө, ошондой эле порнографиялык мазмундагы сценаларды фильмге киргизүүгө жол берилбейт.

Ошондон улам, мындай карама-каршылыктарды жоюу максатында, «Аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө» деген сөздөрүнөн кийин «ушул мыйзамдын 6-беренесинде каралгандан башка учурларда» деген сөздөр менен толуктоо сунушталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика