00:26
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Диний суроо-жооптор. Расмий никеси жок аялдын укугу

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери жооп берет.

Суроо: Расмий нике күбөлүгүн алган эмес. Ажырашкандан кийин, ал аял мүлккө укугун талап кыла алабы?

Жооп: Эгер нике мамлекеттик органдардан расмий каттоодон өтпөгөн күндө дагы «иш жүзүндөгү нике мамилелери» жана «чогуу иштеп тапкан мүлк» деген түшүнүктөр бар. Эгер териштирүүдө, мисалы сотто дейли, анын баары күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, иш кагаздары менен далилденсе, анда жарандык никеде жашагандардын дагы мүлккө укугу бар. Башкача айтканда, аялы мүлктук 50 пайызына ээ.
Андан тышкары ортодо балдар болсо, алардын алимент алууга мүмкүнчүлүгү бар. Алиментти эки тарап сүйлөшүп, же сот аркылуу чечсе болот.

Бирок, адатта бул көп убакыт жана күч алат. Андыктан, укук коргоочулар аялдарга өз укугун тепсетпөө үчүн никени сөзсүз түрдө расмий каттоо кеңешин беришет.

Эң көп окулган жаңылыктар