23:52
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Эльвира Сурабалдиева 16 жашар кыз менен нике кыйгандарды текшерүүнү тапшырды

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы менен биргеликте дин кызматкерлери жана калк арасында жашы жете элек жактарды нике кыюу ырымына жол бербөө боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады. Бул тууралуу өкмөттөн маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдарга Ысык-Көл облусундагы 18 жашка чыга элек кыздын нике кыюусуна тийиштүү абалды териштирүү тапшырмасы берилди.

Буга чейин Жети-Өгүз районунда 31 жаштагы эркек 16 жашар кыз менен нике кыйганын юрист Камиль Рузиев билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар