10:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сооронбай Жээнбеков Ислам Каримовдун айкелине гүл койду

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга расмий сапары башталды. Аны Ташкенттеги аба майданда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Жээнбеков Мустакиллик аянтындагы Эгемендүүлүк жана гуманизм монументине жана Ислам Каримовдун мемориалдык комплексине гүл койду.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн Шавкат Мирзиеев менен жолугушуп, ага Алмазбек Атамбаев ыйгарган «Данакер» орденин тапшырат.

Белгилей кетсек, бул президенттин биринчи расмий сапары. Жээнбеков буга чейин Москвага иш сапар менен барган.

Эң көп окулган жаңылыктар