17:19
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстандын жаш хоккеисттери АКШдагы таймашка катышат

Кыргызстандын жаш хоккеисттери АКШдагы таймашка катышат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында федерациянын вице-президенти Асел Абдыгулова билдирди.

Анын айтымында, таймаш 1-8-декабрда Чикаго шаарында өтөт. Ага Бишкек курама командасынын 2008-жылга чейинки спортчулары барышат.

«Биздин хоккей команда биринчи жолу жогорку деңгээлдеги таймашка катышып жатат. Балдар буга чейин Россия жана Казакстанда күч сынашкан» — деди Асель Абдыгулова.

 
Эң көп окулган жаңылыктар