Дүйнөлүк көчмөндөр III оюнуна 2018-жылдын бюджетинен 307 миллион бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматта, 175 миллион сом Маданият, маалымат жана туризм министрлигине берилери айтылат. 132,2 миллион Жаштар, спорт жана дене-тарбия агенттигине бөлүнөт.
Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюунун катчылыгын каржылоого 3,6 миллион сом берилет.
2016-жылы көчмөндөр оюунуна миллиард сом чыгымдалган.