19:03
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жээнбеков баардык бийлик бутактарына жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеваны кабыл алды. 

Маалыматка караганда, президент бийлик бутактарынын ортосундагы иштөөнү жакшыртуу  үчүн көмөктөшүүгө даярдыгын билдирип, социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорлорун ашыруу үчүн чогуу иш алып барууга чакырды.

«Биздин максат - элдин жашоо деңгээлин көтөрүү, улуттук кызыкчылыкты коргоо жана экономиканы өнүктүрүү. Жемкорлукка каршы күрөш баардык бийлик бутактарында жүрүшү шарт», — деп белгилеп өттү президент.

Сооронбай Жээнбеков ар бир бийлик бутагы менен өзүнчө жолугушуу өткөрүп, тапшырма коймокчу. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума