04:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ташкентте транссексуал кыз гомосексуализмге айыпталууда

Ташкентте милиция шаардын 22 жаштагы М.Е. аттуу жашоочусуна карата «гомосексуализм» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Укук коргоо кызматкерлери анын трансгендер экенин ырастаган медициналык корутундусуна көңүл бурушкан эмес.

Айыпталуучунун айтымында, медициналык корутунду анын эркек эмес экенин ырастаган.

«Мен өзүмдү аял деп эсептейм. Күбөнүн сөздөрүнөн кийин мен Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, алар мени медициналык кароого жөнөтүштү. Гормондорумду текшерип чыккан комиссия менде эркектин эч нерсеси жок деген корутунду чыгарды. Комиссия мүчөлөрү операцияга даяр экенимди айтышты», ​— деди М.Е.

Бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери медициналык документтеги маалыматтарды эске алышпай, анын ишин прокуратурага жөнөтүштү.

Эң көп окулган жаңылыктар