07:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбекстанда ири ГЭС курулат

Өзбекстан Борбор Азиядагы ири гидрообъектини – Пскем ГЭСин долбоорлоо ишин баштады.

Жергиликтүү ММКлар билдиргендей, Ташкент облусунун Бостанлык районундагы Пскем дарыясында жайгашкан гидроэлектростанция Чарвак ГЭСинен кийин эле кубаттуулугу жагынан экинчи орунда турат. Ал саатына 900 миллион киловатт электр кубатын өндүрүп чыгууга кудуреттүү болот.

Долбоордун жалпы наркы 800 миллион доллардан ашуун, мунун негизги бөлүгүн Өзбекстан өзү каржылайт. Мындан тышкары кытайлык Эксимбанктан 240 миллион доллар насыя алуу пландалууда.

"Узбекгидроэнерго” компаниясы жаңы станция Ташкент облусун электр кубаты менен камсыздоо менен бирге республика үчүн суу чарба багытында чоң мааниге ээ болорун билдирди.

Учурда Өзбекстанда 430дан ашуун дарыя бар. Жыл сайын республикада саатына 60 миллиард киловатт электр кубаты өндүрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар