15:48
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Европа биримдиги: Кыргызстанда президенттик шайлоо ачык-айкын өттү

Президент Алмазбек Атамбаев Европа биримдигинин жогорку өкүлү Федерика Могериниге «Достук» орденин ыйгарды.

Мамлекет башчысынын маалымат кызматынынын билдирүүсүндө, Федерика Могерини Кыргызстандын Европа биримдиги менен карым-катнашынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн сыйланды. Ал жолугушууда Алмазбек Атамбаевдин демократияны өнүктүрүү аракетине баа берди.

«Европа биримдигин сиздин парламенттик башкарууну жана көп пикирлүүлүктү өнүктүрүүгө аракетиңизди баалайт», — деп Федерика Могерини Алмазбек Атамбаевди президенттик шайлоонун ийгиликтүү жыйынтыкталышы менен куттуктап, добуш берүү «ачык жана айкын өттү»- деди.

Эң көп окулган жаңылыктар