10:54
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өлкөнүн Казакстан бере турган жардамдан баш тартууу чечимин депутат колдойт

«Казакстан ал акчаны баары бир бермек эмес. Андыктан баш тартканыбыз туура» — деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Алманбет Шыкмаматов «24.kg» агенттигине.

«Ал акча баары бир Кыргызстанга жетмек эмес. Казакстан кагаз жүзүндө берген болуп кала бермек» — дейт Шыкмаматов.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Казакстан менен 2016-жылдын декабрь айында түзүлгөн ЕЭАБтин алкагында жардам көрсөтүү келишимин үзүү чечимин кабыл алды. Бул боюнча сунуш парламентке жөнөтүлдү.

Келишимге ылайык Казакстан Кыргызстанга жалпы суммасы 100 миллион доллар өлчөмүндө техника, жабдуу жана акчалай жардам көрсөтмөк. Келишимди жазында кыргыз парламенти жайында Казакстандын депутаттары ратификациядан өткөрүшкөню.

Эң көп окулган жаңылыктар