09:50
+9
USD 69.70
EUR 81.81
RUB 1.17
Кыргызча

Кыргызстан Казакстан ЕАЭБтин алкагында бере турган жардамдан баш тартат

Кыргызстан Казакстан Евразия экономикалык алкагында бере турган жардамдан баш тартат. Бул боюнча келишимди үзүү чечимин өкмөт Жогорку Кеңешке жөнөттү.

«Евразиялык экономикалык интеграция алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу Кыргызстандын жана Казакстандын өкмөттөрүнүн келишими» 2016-жылы түзүлгөн. Ага ылайык Казакстан Кыргызстанга 100 миллион доллар өлчөмүндө ЕАЭБке кошулгандыгы үчүн жардам көрсөтмөк. Буга чейин жардам акчалай түрүндө эмес, техникалык колдоо, лабораторияларга жабдуу иретинде берилери маалымдалган.

Жайында Казакстандын парламентти келишимди бекиткен. Апта башында казак өкмөтү 2017-2020-жылдын бюджетин өзгөртүү киргизип, анда 100 миллион долларлык жардам боюнча дагы айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар