22:46
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бабановдун үйүнө ким киргени белгилүү болду

Президентикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үйүнө кирген киши кармалды. Бул тууралуу анын шайлоо штабынан билдиришти.

Алардын айтымында, 26 жаштагы Казакстандын жараны Антон Геннадиевич Шитов түнү кармалган. Ал дубалдан өтүп, үйүнө кирүүгө аракеттенген. Анын буга чейин Раим Матраимов менен иштегени белгилүү. 

Бабановдун кароолчулары кармалган кишини милицияга өткөрүп беришти. 

Укук коргоо органдары азырынча окуяны ырастай элек. 

Эң көп окулган жаңылыктар