15:08
USD 87.45
EUR 103.07
RUB 1.16

«Нелегал» операциясы. Баткен облусунда төрт кылмыш жана 37 эреже бузуу аныкталды

Фото Баткен ОИИБ. «Нелегал» операциясында 4 кылмыш жана 37 эреже бузуу аныкталды

Баткен облусунда 2026-жылдын 13-апрелинен 16-апрелине чейин жүргүзүлгөн «Нелегал» алдын алуу операциясы аяктады. Бул тууралуу Баткен облусунун Ички иштер департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, операциянын алкагында укук коргоо органдарынын кызматкерлери чет элдик жарандардын аймакта болушунун жана иштөөсүнүн мыйзамдуулугун текшеришти. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын миграция мыйзамдарынын сакталышына бурулду.

Аталган операциянын жыйынтыгында КРнын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык 37 административдик протокол түзүлүп, эреже бузгандарга айып пул салынды. Ошондой эле, операциянын жүрүшүндө төрт кылмыштын бети ачылды.

Мындай иш-чаралар миграция чөйрөсүндөгү көзөмөлдү күчөтүүгө жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталганы белгиленди.

Эң көп окулган жаңылыктар