15:07
USD 87.45
EUR 103.07
RUB 1.16

Кемпир-Абад иши боюнча дагы үч айыпталуучу акталды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча дагы үч айыпталуучуну, тагыраак айтканда Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду жана Кеңешбек Дүйшебаевди актады.

Алардын иштери мурда өзүнчө каралып келгендиктен, алар баштапкы соттун чечимине киргизилген эмес. Эми сот аларга өзүнчө актоо өкүмүн чыгарды.

Эске сала кетсек, «Кемпир-Абад иши» боюнча айыпталуучулардын негизги тобу мурда толугу менен акталышкан. Сот кылмыштын белгилерин тапкан эмес, андан кийин айыпталуучулар бошотулган.

Бирок, Асанов, Кадыров жана Дүйшебаев сыяктуу бир нече айыпталуучулардын иштери мурда ден соолугуна байланыштуу өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, башкалар менен чогу каралбай калган.

Кемпир-Абад иши акыркы жылдардагы Кыргызстандагы эң резонанстуу саясий сот процесстеринин бирине айланды. Ага Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимге каршы чыккан саясатчылар, активисттер жана коомдук ишмерлер катышкан.

Учурда соттун жаңы чечими менен иш боюнча дээрлик бардык айыпталуучулар акталды.

Эң көп окулган жаңылыктар