17:19
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

7-класстын окуучусу кош бойлуу болуп калган мектептин директору иштен кетти

Чүй облусунун Лебединовка айылынын № 2-мектебининин 7-классынынын окуучусунун боюнда бар экени аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги «24.kg» агентигине билдирди.

Окуя ачыкталышы менен мектеп директору өз калоосу менен арыз жазып, иштен кеткен. Министрликтин билдирүүсүндө, класс жетекчисинин жоопкерчилиги каралат.

«Азыр тергөө жүрүп жатат. Райондук билим берүү бөлүмү мектепти текшерип, тарбия иштери боюнча

педагогго сөгүш берилди. Белгилүү болгондой, окуучу кыз апасы жана өгөй атасы менен жашайт», — деди мекемеде.

Буга чейин Талас облусунда боюнда болуп калган 7-класстын окуучусу төрөгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар