01:13
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Атамбаев Бишкектеги мектептердин курулушун жеке көзөмөлгө алды

Алмазбек Атамбаев Бишкектеги мектептердин курулушун жеке көзөмөлгө алды. Бул тууралуу президент  борбор кааланын активи жана коомчулугу менен жолугушууда билдирди. 

Алмазбек Атамбаев борборубуз светсиз, газы жок, талкаланган жолдору менен олтурган мезгил артта калгандыгын белгилеп өттү. Анын айтымында акыркы 4 жылда борбор шаарыбыз капиталдык чыгымдардын көлөмүн 8 эсеге көбөйтүүгө жетишип, акыркы жылы гана Бишкекте чакан жана орто бизнестин обьектилерин ишке киргизүүнүн эсебинен 10 миң жумушчу орун түзүлгөн. Борборубуздун жолдорун масштабдуу куруу жана ремонттоо иштери узак мөөнөттүү жана чоң долбоордун биринчи фазасынан алкагында гана жүргүзүлүүдө.

Шаардыктардын борборубузда мектептердин жетишсиздиги тууралуу суроолоруна жооп берип жатып, президент мектептердин курулушуна байланыштуу атайын программа иштеп чыгуу милдетин тапшырып, бул маселени өзүнүн өзгөчө көзөмөлүнө алды.