05:37
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Канат Исаев менен бирге дагы эки киши кармалды

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев менен бирге Бишкек шаарынын Биринчи май райондук салык кызматынын жетекчиси Рамис Жунусалиев жана Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Дениз Раимкулов камалды. 

Кечээ экөөнүн баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, 30-ноябрга чейин кармоо чечими кабыл алынды. Рамис Жунусалиев УКМКнын абагында, Дениз Раимкулов №1 тергөө абагында кармалууда. 

Эскерте кетсек, Канат Исаев 30-сентябрда массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен алмаштырууга даярдануу айыбы менен кармалган. Анын бул боюнча жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү жана акча берип жатканы видео тасмага тартылган. Тасманын биринде Дениз Раимкулов дагы бар. Дениз Раимкулов президентикке талапкер Темир Сариев тарабында иштегени дагы белгилүү. Сариевдин штабы Дениз Раимкулов Канат Исаев менен өз алдында жолукканын билдиришти. 

Эң көп окулган жаңылыктар