12:49
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ИИМдин мурдакы орун басарын кафеде тыңшоого аракет кылышкан

ИИМдин мурдакы орун басары, генерал Талант Исаев достору менен түштөнүп олтураган кафенин үстөлүнүн астынан тыңшоосу жабдууну таап алды. Бул тууралуу ал өзү «24.kg» агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуя Бишкек шаарындагы кафелердин биринде болгон.

«Биз тамактанып бүтүп, эсеп сураганыбызда, мен столдун астынан бир нерсени байкап калдым. Кафе жетекчилигинен видеону талап кылдым. Көрсө, аны биздин столго тейлеген бала коюптур. Милицияга кайрылдым» — деди ал.

Кафеде ал парламенттин депутаты Каныбек Иманалиев менен тамактанып жаткан экен.

Талант Исаевдин айтымында, көптөн бери эле анын артынан аңдып жана тыңшап жүрүшөт. Генерал бул аракеттерди мамлекеттик төңкөрүшкө айыпталып, абакта жаткан иниси Канатбек Исаев менен байланыштырат.

Эскерте кетсек, Канат Исаев октябрь айында кармалган. Ага массалык башаламандык уюштуруу жана мамлекеттик төңкөрүш айыбы тагылды. Жогорку Кеңештин депутаты жакында «Жемкорлук» беренеси менен козголгон иш боюнча соттолду.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби