05:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев 12 жылга соттолду

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев 12 жылга соттолду. Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө өтөйт.

Сот Канатбек Исаевге мунапыс колдонуп, анын мөөнөтүн кыскартты. Ошондо Исаевге үч жыл чегерилет.

Канатбек Исаев менен бирге соттолгон Болот Имамадиев жана Мирдан Эсенбеков 8 жылга кесилди. Аларга дагы мунапыс колдонулду. Андан тышкары Алмаз Сейталиев, Каныбек Аблабеков, Любовь Чудинова жана Бактыбек Асыгалиевге каршы кылмыш мөөнөтү аяктагандыктан иш токтотулду.

Эскерте кетсек, Канатбек Исаевге каршы мэр кезинде Токмок шаарындагы китепканын жер тилкесин мыйзамсыз саткандыгы боюнча иш козголгон. Китепкананын ордуна соода түйүнү курулган.

Эң көп окулган жаңылыктар