19:10
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкек Сооронбай Жээнбековду тандайт!

Президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Октябрь, Биринчи май, Свердлов райондорунун жашоочулары менен жолугушту.
Сооронбай Жээнбеков шайлоочуларга мамлекетте жана Бишкек шаарындагы көйгөйлөрдүн баарын чечүүнүн жөнөкөй жана түшүнүктүү жолдору жазылган «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок!» аттуу программасын сунуштады.

«Эми бизде реформаларды улантуу үчүн бекем пайдубалыбыз бар. Алдыбызда олуттуу жана маанилүү өзгөрүүлөр күтүп турат. Анын ичинде - Бишкек шаары менен бишкектиктердин жашоо-турмушунда да. Биринчи кезекте – чакан жана орто бизнести колдоого алабыз. Өнөр жайга колдоо көрсөтөбүз. Жолдорду курууну улантабыз. Эми стратегиялык трассаларды гана эмес, ички жолдорду да калыбына келтирип, оңдоп-түздөгөнгө мүмкүнчүлүк жаралып жатат. Анын ичинде Бишкектин борбордук көчөлөрү гана эмес, жаңы конуштардын, микрорайондордун ички көчөлөрү да оңдолуп-түздөлүп, тартипке келтирилет. Биз Бишкектин мэринин шаардык инфраструктураны: мектептерди, ооруканаларды, коомдуктранспортту, электр түйүндөрүн өнүктүрүү, көчөлөрдү жарыктандыруу, жашылдандыруу боюнча иш-аракеттерин колдоого алабыз»

Сооронбай Жээнбеков

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков шаардыктарды Карылар күнү менен куттуктап, ал үчүн эң маанилүү маселелердин бири — айлык акыларды жана пенсияларды көбөйтүп туруу экенин белгиледи. «Мен пенсияларды эки эсе көбөйтөм. Биздин пенсионерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бардык аракетимди көрөм», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбековду бишкектиктер бүт жерде кубаттоо менен тосуп алышып, ал жөнүндө жылуу сөздөрүн аяшпады. Шаардык интеллигенциянын өкүлдөрү, врачтар, мугалимдер, спортчулар, диаспоралардын өкүлдөрү жана жөнөкөй жумушчулар — бардыгы талапкерге колдоо көрсөтүшүп, реалдуу нерселер жасалган системага ишене тургандарын билдиришти. «Биз Сооронбай Жээнбековго ишенебиз! Ал куру убадаларды бербейт, убада кылса — аны аткарат. Ушунча жылдан бери ал тажрыйба жана билим топтоп, өзүн олуттуу жана туруктуу саясатчы, сабаттуу адис катары көрсөтө алды. Премьер-министрдин кызматында анын өкмөтү бардык тармак боюнча мыкты көрсөткүчтөргө жетишти. Муну менен ал элдин ыраазычылыгына жана президент менен парламент тарабынан жакшы баага татыды. Биз бүгүнкү күндө бул маанилүү кызматка Сооронбай Жээнбековдон башка татыктуу талапкер көрбөй жатабыз», — деп белгилешти бишкектиктер.

Талапкерге карата колдоо сөздөрүн «Дордой» ассоциациясынын вице-президенти Сергей Пономарев, «Иттипак» уйгур диаспорасынынөкүлү Артык Хаджиев, КР Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов жана Бишкек шаарынын башка жашоочулары сүйлөдү.

Президенттик кызматка талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. Нускасы 1 даана. Чыгарылганкүнү: 02.10.2017 ж.

Эң көп окулган жаңылыктар