10:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сары-Челекте жоголгон Израилдик кыздын сөөгү табылды

Мындан алты күн мурда Чаткал районунун тоолорунда жоголгон туристтин бүгүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Алдын-ала билдирүүлөр боюнча кыз тоодон кулап кеткен.

Эскерте кетсек, Хилла Ливнени издөөгө 80дан ашык адам тартылган. Израилден 6 куткаруучу келген.

Хилла Ливненин жоголгондугу 23-сентябрда маалым болгон. Маалыматка караганда алар тобу менен Кара-Cуу айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу Сары-Челек көлүнө өтүп кетмекчи болушкан.

22-сентярь күнү Аркыт айылынын тургуну эки баласы менен бирге Котормо капчыгайында 1993-жылкы туристти жолуктурушкан. Бутун кокустатып алган туристти жергиликтүү тургун үйүнө алып келген. Ошондо гана турист жанында Хилла Ливне аттуу кыз да болгонун айткан.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө, туристтер Сары-Челек коругуна жакын капчыгайда кармалып калышкан. Алар ошол күнү GPS аркылуу «SOS» белгисин жөнөтүшкөн. Биринчи күнү Куралдуу күчтөрдүн тик учагы менен изделген.

Алгач ӨКМ маалымат жоктугун айткан. Бүгүн гана министрликтин 10 куткаруучусу кечээ түнү Сары-Челекке жеткендигин кабарлашты.

Эң көп окулган жаңылыктар