«Реалдын» президенти Флорентино Перес клубдун жетекчисин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөрүн жарыялап, өз талапкерлигин кайрадан коёрун тастыктады. Негизи шайлоо 2029-жылы өтүшү керек болчу. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.
«Кечирип коюңуз, бирок мен отставкага кеткени жаткан жокмун. Мен жаңы шайлоо дайындап жатам, анткени «Реал» клубдун мүчөлөрүнө таандык жана чечимди алар кабыл алышы керек. Башка адамдар талапкерлигин коюп, өз программаларын көрсөтүшсүн. Мени сындагандардын кимиси болбосун бул шайлоого катыша алат», — деди Перес журналисттерге пресс-конференция учурунда.
2025-жылдын январында Перес «Реалдын» президенттигине кайра шайланган. Ал кезде испаниялык функционер бул кызматка жалгыз талапкер болгон. Анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2028-жылы аяктамак.
79 жаштагы курулуш магнаты жана мурдагы саясатчы Перес мадриддик «Реалдын» президенттик кызматын 2000-жылдан 2006-жылга чейин, андан кийин 2009-жылдан бери тынымсыз ээлеп келет. Биринчи мөөнөтүндө ал Луиш Фигу, Зинедин Зидан, Роналдо жана Дэвид Бекхэм сыяктуу супержылдыздар менен келишим түзгөн. Ал эми клуб Испаниянын эки чемпионатын жана Чемпиондор Лигасын жеңген. Бирок үч сезон катары менен трофейсиз калгандан кийин, 2006-жылы Перес отставкага кетүүгө мажбур болуп, анын ордун Рамон Кальдерон келген.
Анын жетекчилиги астындагы экинчи мезгилде команда Ла Лиганы беш жолу (2012, 2017, 2020, 2022 жана 2024), ошондой эле Чемпиондор Лигасын алты жолу, анын ичинде 2016-жылдан 2018-жылга чейин катары менен үч ирет жеңип алган. Мындан тышкары, Перестин тушунда «Реал» Испаниянын үч Кубогун, жети Суперкубогун жана беш жолу Клубдар арасындагы дүйнө чемпионатын уткан.

