02:20
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Парламент кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишим дагы жабык эшик артында карайт

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы боюнча келишимдин ратифкациялоо дагы жабык эшик артында каралат.

Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда 5 -сентябрда Бишкекте кол коюлган кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ашыкча суроо жана күмөн жаратпоо үчүн ачык кароо сунушталды.

Бирок, депутаттардын көпчүлүгү сунушту колдогон жок.

Эскерте кетсек, келишим биринчи окууда кабыл алынган. Ага эки депутат гана каршы добуш беришкен. Бул ортолук келишимге Шавкат Мирзиеевдин Бишкекке расмий сапары учурунда кол коюлган. Акыркы келишимге Алмазбек Атамбаевдин 5-октябрда Ташкентке сапары учурунда кол коюлушу күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар