06:59
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте жол талашкан айдоочулар атыша кетти

Бишкекте жол талашкан айдоочулар атыша кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдайт. 

Алардын айтымында, 21-сентябрда шаардын Ахунбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде «Хонда Фит» менен «Мерседес» унааларынын айдоочулары жол талашып кеткен. «Хонда Фиттин» айдоочусу мылтык алып чыгып, ок атып, каршылашынын ийнин чийип өткөн.

Эки айдоочу тең кармалып, териштирүү жүрүп жатат. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума